19:00
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Камчыбек Ташиев: «Чүй облусунда мурдагы аткаминер 304 гектар жерди ээлеп алган»

Чүй облусунда бир адам 304 гектар жерди ээлеп алган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев Ош-Ноокат унаа жолунун ачылышында сүйлөп жатып билдирди.

Ал белгилегендей, жер тилкелерин сатууну же менчикке алууну каалаган айыл өкмөт башчылары республика боюнча дагы эле бар.

«Мурда бул чиновниктер жүздөгөн гектар жерди өздөрүнө алышчу, бирок карапайым калкка 3 гектар жер да калган эмес. Кечээ бул факты боюнча Чүй облусунда кылмыш иши козголгон. Бир адам 304 гектар жерди өзүнө менчиктеп алган. Ушул эле киши бир кезде совхоздун директору болуп, 30дан ашык ишкананы колго алган. 1 гектар жер болсо да бир адамга жетет», — деди Камчыбек Ташиев.

Ал кошумчалагандай, мындай ач көз, тойбогондор тартипке алынат. Ким жерлерди, ишканаларды мыйзамсыз басып алса, мамлекетке кайтарып берет.

Эң көп окулган жаңылыктар