16:21
USD 85.80
EUR 92.87
RUB 0.89

Бир суткада жол инспекторлору мас абалында унаа башкарган 73 айдоочуну кармашты

Акыркы суткада Кыргызстанда 73 мас абалында унаа башкарган айдоочу аныкталганын 24.kg басылмасына ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, дем алыш күндөрүнүн соңунда Кыргызстандын аймагында «Бахус» аталышында рейддик иш-чара өткөрүлдү. Анда жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында өткөрүлгөн рейддик иш-чаранын алкагында сутка ичинде жол эрежелерин бузган 4352 айдоочуну аныкталды.

Анын ичинен:

мас абалында унаа башкарган 73 айдоочу,

карама-каршы тилкеге чыккан 35 айдоочу;

ылдамдыкты ашырып айдаган 432 айдоочу;

терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 15 айдоочу;

тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 88 айдоочу кармалган.

Ошондой эле 234 авто унаа жол эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар
28-октябрь, дүйшөмбү