12:28
USD 85.80
EUR 92.87
RUB 0.89

Эртең Бишкекте азык-түлүк жармаңкеси өтөт

26-27-октябрда Бишкектин борборунда социалдык маанидеги азык-түлүк жана эл керектөөчү товарлардын жармаңкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, жармаңкенин максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөржай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо жана айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат.

Жармаңкеге айыл чарба продукциясын сатууну каалаган жеке ишкерлер чакырылат. Ошондой эле министрлик Кыргызстандын бардык дыйкандарынын продукциясын сатууга шарт түзөт.

Белгилей кетсек, жармаңке Түгөлбай ата көчөсүнүн боюнда, Эркиндик гүлбагынан тартып темир жол вокзалына чейин созулмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар