07:13
USD 87.00
EUR 90.59
RUB 0.87

Медербек Сатыев Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасы болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров Медербек Сатыевди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы болуп 5 жылдык мөөнөткө дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, Жогорку соттун төрагалыгына 2022-жылдын февраль айында дайындалган Замирбек Базарбеков 9-октябрда өз ыктыяры менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Анын ордуна Соттор кеңеши Медербек Сатыевдин талапкерлигин сунуштап, парламент макулдук берген.

Эң көп окулган жаңылыктар