14:41
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкекте «АгроТехЭкспо-2024» жана «Алтын күз» айыл чарба жарманкеси өтүүдө

18-20-октябрга чейин Бишкекте «АгроТехЭкспо — 2024» агроөнөржай көргөзмөсү жана «Алтын күз» айыл чарба жарманкеси өтүүдө.

Көргөзмөдө айыл чарба техникасынын үлгүлөрү, асыл тукум малдын породалары жана заманбап агротехнологиялар коюлган. Ошондой эле катышуучулар ветеринардык дарылар, жаңы үрөндөр жана көчөттөр менен тааныша алышат.

Быйыл 300дөн ашык ата мекендик жана чет элдик фирмалар катышууда, бул былтыркыга салыштырмалуу 200гө жакын катышуучу болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар