22:20
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Каржы министри Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмүн жарыялады

Бүгүн, 11-октябрда «Элдик» депутаттык тобу менен «Альянс» фракциясынын жыйынында каржы министри Алмаз Бакетаев мамлекеттик карыздын көлөмүн билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик карыздын жалпы көлөмү 6,5 миллиард долларды түзөт, анын болжол менен 4,5 миллиард доллары тышкы карыз, калганы ички карыз.

Анын айтымында, Каржы министрлиги жылына орто эсеп менен 12-14 пайыздан ички, ал эми тышкы насыяларды 2 пайыздан алат. Ал эми министр жогорку пайыз менен алынган ички кредиттерге өтүүнү тышкы карыздар чет элдик валютада берилип жатканы, анын курсу калкып турганы жана бир топ көтөрүлүшү мүмкүн экендиги менен түшүндүрдү.

«Экинчиден, курс менен пайыздык ченди чогуу алсак, тышкы карыздар боюнча көбүрөөк төлөйбүз деп чыгышы мүмкүн. Үчүнчүдөн, карыздарды төлөө үчүн валюта сатып алабыз. Анан аны чет өлкөгө жөнөтөбүз, бул акча башка өлкөнүн экономикасына иштейт. Ал эми ички насыяларды алууда биз өзүбүздүн субъектилерге: банктарга, Соцфондго жана башкаларга төлөйбүз», — деп түшүндүрдү министр.

Эң көп окулган жаңылыктар