13:44
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Ноябрда кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алат

Ноябрь айынын башында кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, беш күндүк график менен иштеген жарандар 7нен 10-ноябрга чейин эс ала алышат. 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү болгондуктан, эс алуу күнү болуп саналат.

«Бул күндөр бейшемби жана жума күндөрүнө туура келгендигине байланыштуу беш күндүк иш жумасына кирген кызматкерлер 7-ноябрдан 10-ноябрга чейин эс ала алышат», — деп айтылат Эмгек министрлиги.

Эң көп окулган жаңылыктар