16:18
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Орусиянын ЖОЖдору Кыргызстандын жарандары үчүн 700 квота бөлдү

Россиянын ЖОЖдоруна 2025/26-окуу жылына окууга документтерди кабыл алуу башталып, Кыргызстандын жарандары үчүн 700 квота бөлүндү. Бул тууралуу Бишкектеги Орус үйү билдирди.

Маалыматка ылайык, окутуу орус өкмөтүнүн квотасынын алкагында өтүп, абитуриенттер үчүн бекер.

Кыргызстандын жарандары бакалавриат, адистик, магистратура, аспирантура, ординатура жана кошумча кесиптик билим берүү программаларына тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Документтер https://education-in-russia.com сайтында 2025-жылдын 15-январына чейин кабыл алынат.

Сиз бюджетке тапшыруу, ЖОЖдордогу билим берүү программалары, профессионалдык өсүү мүмкүнчүлүктөрү жана Россиядагы студенттик жашоо тууралуу орус билим берүү көргөзмөсүнөн кеңеш ала аласыз. Ал 2024-жылдын 14-15-октябрында Баласагын атындагы КУУда орус-кыргыз билим форумунун алкагында өтөт. Кирүү акысыз.

Кыргызстандын жарандарын тандоо эки этап менен өтөт. Биринчиси — Россотрудничествонун өлкөдөгү өкүлчүлүгү, экинчиси — Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинде болот.

Эң көп окулган жаңылыктар