16:25
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

КМШ мамлекеттеринин башчылары Москвага келишти. Путиндин туулган күнү

Бүгүн, 7-октябрда Орусиянын баш калаасында Шериктештиктин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Орусиялык басылмалардын маалыматына караганда, лидерлер КМШ алкагындагы кызматташуу боюнча пикир алмашып, 2025-жылы уюмга төрагалык кылууну чечишет.

Ошондой эле 1941—1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы совет элинин Жеңишинин 80 жылдыгына байланыштуу Шериктештик өлкөлөрүнүн элдерине жана дүйнөлүк коомчулукка кайрылууну талкуулоо жана кабыл алуу пландалууда.

Мындан тышкары күн тартибинде Шериктештикке мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын интеграциялык кызматташтыкты чыңдоо боюнча иш-чаралары жана башка маанилүү маселелер бар.

Мамлекет башчылары жакынкы үч жылга Шериктештиктин маданий борборлорун жарыялоо боюнча чечимдерге кол коюшат жана укуктук өз ара аракеттенүүгө жана коопсуздукка тиешелүү бир катар документтерге түзөтүүлөрдү кабыл алышат.

Бүгүн, 7-октябрда 72 жашка толгон Владимир Путиндин туулган күнүнө лидерлер Москвага келери бейрасмий белгилүү. ЖМКлардын маалыматына караганда, алардын келерин КМШнын үч мамлекет башчысы: Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ырасташты. Ошондой эле Азербайжандын президенттери Илхам Алиев, Казакстандын Касым-Жомарт Токаев, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Армениянын Никол Пашинян жана Беларусь президенти Александр Лукашенко чакырылган.

«Еж» Telegram каналы Казакстандын президентинин администрациясындагы булакка таянып жазгандай, президент Токаев 7-октябрда атомдук электр станциясын куруу боюнча референдумдун жыйынтыгын чыгарууга басым жасайт. «Президенттин пландарына референдумдун жыйынтыгын чыгаруу жана Казакстандын жарандарына кайрылуу кирет. Токаевдин Орусияга визити азырынча планда жок, бирок кырдаалга жараша чечим эртең кабыл алынат», — деп билдирди булак.

Эң көп окулган жаңылыктар
7-октябрь, дүйшөмбү