20:20
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Жогорку Кеңеш мындан ары мыйзамдарды «шашылыш түрдө» кабыл албайт

Жогорку Кеңештин бүгүн, 3-октябрдагы жалпы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев мындан ары парламент мыйзам долбоорлорун кабыл алуудан мурда аны дыкат иликтей турганын айтты.

«Жогорку Кеңеш учур талабына, шарт-жагдайга ылайык, Министрлер кабинети тарабынан сунушталган керектүү мыйзам долбоорлорун ыкчам түрдө колдоп берип келдик. Кабыл алынган мыйзамдар өнүгүүгө өбөлгө түзүп, Президент жана Министрлер кабинети өзү да белгилегендей, мамлекетибизде бир топ жылыштар болгону анык. Бирок мындан ары демилгеленген мыйзам долбоорлоруна карата көзөмөл күчөтүлөт», — деди Төрага Нурланбек Шакиев.

Нурланбек Шакиев мындай көрүнүш кайталанбасын билдирди. Эгерде мыйзамдар «чийки» болсо же бул мыйзам долбоорлорун алып чыга турган баяндамачылар эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп бере албаса, документтер кабыл алынбай турганын баса белгиледи.

Төрага Алмасбек Абытовдон жана министрлер кабинетинен Жогорку Кеңешке болгон мамилесин өзгөртүүнү өтүндү. «Мен кандайдыр бир деңгээлде саясий стабилдүүлүккө жана экономикалык өнүгүүгө салым коштук деп ойлойм. Андан ары ар бир мыйзам долбоорун кылдаттык менен карайбыз», — деп жыйынтыктады Нурланбек Шакиев.

Эң көп окулган жаңылыктар