Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга өлкө боюнча 10 муниципалдык бала бакчанын курулушуна 2 миллион доллар грант бөлөт. Тиешелүү макулдашууну Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин депутаттары жактырды.
Депутат Дастан Бекешев 24.kg басылмасына бул грант 25 миллион доллар насыя менен бирге бөлүнөөрүн жана 40 айыл өкмөтүндөгү ар кандай социалдык долбоорлорго жумшалаарын билдирди.
Анын айтымында, долбоорлордун ар бирине 450 миңден доллар бөлүнөт.