21:31
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

«Кумтөр Голд Компани» ишканасы Улуттук госпиталга жардам көрсөттү

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому Улуттук госпиталдын борбордук лабораториясын капиталдык оңдоодон өткөрүүнү каржылады. Бүгүн, 27-сентябрда ишкананын президенти Алмазбек Барыктабасовдун катышуусунда оңдоодон кийинки ачылыш болду.

Ал белгилегендей, «Кумтөр Голд Компани» өзүнүн социалдык милдеттенмелерин аткаруунун алкагында Бишкек шаарында гана эмес, аймактарда да саламаттыкты сактоо долбоорлоруна ар дайым колдоо көрсөтүп келет. Маселен, өткөн жылы компания Улуттук госпиталга уникалдуу нейрохирургиялык Leica M 530 OHX2 микроскобун сатып алып, операциялардын сапатын бир топ жакшырткан. Жети-Өгү райондук ооруканасына жана Бишкек шаарынын бир ооруканасына жаңы УЗИ аппараттары, Ош облусундагы Кан борборуна мобилдик генераторлор сатылып алынган.

«Азыр өлкө жетекчилиги медициналык жардам көрсөтүүнү жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн колдон келгендин баарын жасап жатат. Буга «Кумтөр Голд Компани» ишканасы дагы жардам берүүгө аракет кылууда», — дейт Алмазбек Барыктабасов.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөновдун айтымында, учурда алар борборго жабдууларды сатып алууну каржылоо боюнча «Кумтөр Голд Компани» менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Жаңы имаратта жакында анализдер жана медициналык текшерүүлөр, анын ичинде Кумтөрдүн кызматкерлери үчүн да жүргүзүлөт.

«Азыр бул жерде 15 кеңсе бар. Бул борбордун башка мекемелерден эң негизги айырмасы бул жерден медициналык кароодон өтсө болот», — деди башкы дарыгер.

Эң көп окулган жаңылыктар