21:24
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

КыргызстандынТИМ башчысы БУУнун штаб-квартирасында сөз сүйлөдү. Эмнелерди айтты?

Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун штаб-квартирасында деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн министрлеринин жылдык жыйынында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал учурдагы Вена аракет программасын жыйынтыктап, бул өлкөлөргө туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө жардам берүү үчүн 2024-2034-жылдарга жаңы программаны иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Министр эл аралык сооданы өнүктүрүүнүн, транзиттик ташууларды жакшыртуунун жана инфраструктураны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Ал ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча стратегиялык долбоорго көңүл бурду. Мындан тышкары Кыргыз Республикасын жаңы соода жолдоруна алып чыгууга жана эл аралык рынокторго чыгууну жөнөкөйлөтүүгө тийиштигин белгиледи.

Тышкы иштер министри экологиялык демилгелердин маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандын алдыдагы COP29 БУУнун климаттык конференциясында өзүнүн «Тоолор жана климат» программасын алдыга жылдырууга даяр экенин билдирди.

Сөзүнүн аягында министр келерки 10 жылда жаңы аракет программасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн кызматташууну жана эл аралык колдоону арттырууга чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар