22:05
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Кара-Балта шаарындагы автобекет да мамлекеттин карамагына өттү

Кара-Балта шаарындагы буга чейин жеке адамдар тарабынан менчиктештирилген автобекет мамлекеттин балансына өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын жана Жайыл районунун жергиликтүү бийлик органдарынын жооптуу кызматкерлери тарабынан 0,60 га жер тилкеси жана имараты бар автобекет жеке менчикке өтүп кеткени аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө менчик ээлери ыктыярдуу түрдө сметалык баасы 209 миллион сомдон ашкан объектини мамлекеттин балансына кайтарып беришкен.

Буга чейин ишкерлер Токмак жана Балыкчы шаарындагы автобекеттерди да мамлекетке өткөрүп беришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар