21:27
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Өзбек жараны Кыргызстандан 30 миң долларды мыйзамсыз алып кетүүгө аракет кылган

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук-автодорожный» өткөрүү пунктунда мыйзамсыз акча алып өтүү аракетинин алдын алынды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, 2000-жылы төрөлгөн Өзбекстандын жараны А.Ш.нын жанынан 30 миң доллар же 2 миллион 527 миң 155 сом табылган.

Кыргызстандан Өзбекстанга бара жаткан адам бажы мыйзамдарында талап кылынган акчаны декларациялаган эмес. Ал чет элдик валютаны кайдан алганын да түшүндүрө алган жок.

Документтер түзүлгөндөн кийин чет элдик жаран жана валюта кийинки териштирүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстандан чет элдиктер үчүн 5 миң доллардан, ал эми өлкөнүн жарандары үчүн 10 миң доллардан ашык суммадагы валютаны алып чыгууга убактылуу тыюу салынганын эскертет

Эң көп окулган жаңылыктар