22:52
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

КМТУ 70 жылдык мааракесине карата «Даңк» ордени менен сыйланды

Президент Садыр Жапаров Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин «Техникалык билимди жана илимди өнүктүрүүгө, квалификациялуу адистерди даярдоого кошкон зор салымы үчүн» Даңк ордени менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 18-сентябрда университет 70 жылдык мааракесин белгилөөдө.

КМТУнун тарыхы 1953-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинде техникалык факультеттин түзүлүшү менен башталат. Кийин 1954-жылы 1-сентябрда Фрунзе политехникалык институтуна айландырылган.

1992-жылдан бери университетке Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылган, ал инженердик-техникалык кадрларды даярдоого адистешкен.

Эң көп окулган жаңылыктар