23:30
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстанда насыя берүү эки эсеге көбөйдү

2024-жылдын июль айында Кыргызстанда насыя берүүнүн өсүшүнүн олуттуу ылдамдашы байкалды. Жаңы насыялоонун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 51,1 пайызга өстү. Бул маалыматтар Европа өнүктүрүү банкынын аналитиктери тарабынан жумалык макро жыйынтыктырында айтылган.

Алар бул көрсөткүч июнь айына салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп экенин белгилешет. Андагы өсүш жылдык мааниде 27,1 пайызды түзгөн.

Салыштыруу үчүн: үстүбүздөгү жылдын февраль-июнь айларында насыялоонун көлөмү ай сайын орточо 30 пайызга өскөн. Июль айындагы өсүштүн 60 пайызга жакыны соода тармагын жигердүү насыялоонун , ошондой эле керектөө муктаждыктары үчүн насыя берүүнүн көбөйүшүнүн эсебинен болду.

«Бул тенденциялар ички керектөө суроо-талабын күчөтүү үчүн шарттарды түзөт жана өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктүн мындан ары кеңейишине өбөлгө түзөт», — деп жыйынтыктады аналитиктер.

Эң көп окулган жаңылыктар