03:53
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Жапаров: «Министрлер кабинети Ооганстан менен мамилени өнүктүрүүгө кызыкдар»

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен Ооганстандын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Нурулла Аминдин жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Ооганстандын ортосундагы мындан аркы эки тараптуу кызматташуунун ар кандай багыттарын талкуулап, пикир алышты.

Акылбек Жапаров Кыргызстан Ооганстан менен соода-экономикалык мамилелерди, транспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө, Ооганстандын пайдалуу кендерин биргелешип иштетүүгө, энергетика, өнөр жай жана айыл чарба тармагында кызматташууга, келечектүү долбоорлордун үстүндө жигердүү иштөөгө кызыкдар экенин билдирди.

Нурулла Амин жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы өнөктөштүккө ишеним билдирди.

Буга чейин Кыргыз Республикасы талибдерди өлкөдө тыюу салынган экстремисттик уюмдардын тизмесинен чыгарганы белгилүү болгон. Бирок Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу расмий маалымат тарата элек.

Эң көп окулган жаңылыктар