06:34
USD 87.25
EUR 89.39
RUB 0.86

Кыргызстан — Кытай чек арасында жаңы «Бедел» өткөрүү бекети расмий түрдө ачылды

Кыргыз-кытай чек арасында жаңы «Бедел» өткөрүү пункту расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз баштаган эки тараптын делегация мүчөлөрү катышты.

Алгач ачылуу аземинде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен КЭР Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй видео кайрылуу жасады.

Анда минкаб төрагасы кыргыз-кытай мамилелеринин тарыхынын жаңы барагы ачылганын билдирди. «Бедел» өткөрүү пункту — мындан аркы экономикалык кызматташтыктын дарбазасы гана болбостон, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достуктун жана өз ара урматтоонун көпүрөсү болуп калат. Жакынкы келечекте Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү жана жүргүнчүлөрдү ташуу көлөмүн көбөйтүүнү камсыз кылган эл аралык маанидеги маанилүү транспорттук-логистикалык коридорго айланарына ишенем«, — деди Акылбек Жапаров.

Ал эми Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү Ма Синжуй, «Бедел» өткөрүү пунктунун ачылышы эки өлкө ортосундагы жакшы коңшулук жана стратегиялык мамилелерге олуттуу салым кошоорун белгиледи.

Белгилей кетсек, «Бедел» өткөрүү пункту жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте убактылуу шарттарды түзүү менен ачылышы болду. Азыркы учурга карата, электр чубалгылары тартылган, өткөрүү пунктуна алып барган «Барскоон-Учтурфан-Аксу» унаа жолунун 58 чакырымына убактылуу жол салынып, көпүрөлөр курулган.

Ал эми толук кандуу эл аралык стандарттарга ылайык, унаа жолу, бажы жана чек ара инфраструктурасын түзүү 2027-жылга чейин эки тараптуу биргелешип ишке ашырылат. Ошондой эле, эки жылдын ичинде «Цемент-Там» участогунда толук кандуу заманбап инспекциялык текшерүү комплексинин курулушу пландалууда. Алдыда аткарыла турган иштер тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан презентация жасалды.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG