23:18
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Баланы орноштурууга 15 миң талап кылган. Ошто бала бакчанын кызматкери кармалды

Ош шаарында укук коргоо кызматкерлери бала бакчалардын биринде иштеген 38 жаштагы аялды кармашты. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аял баланы мектепке чейинки мекемеге киргизүү үчүн акча талап кылган.

«Ички иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча башкармалыгына бир жаран арыз менен кайрылган. Ал 2024-жылдын июль айында баласын шаардагы бала бакчалардын бирине киргизүүнү айтып кайрылган. Бирок андан бала бакчанын адиси 15 миң сом талап кылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматкерлер тарабынан мыйзамсыз сыйакы алуу» беренеси боюнча иш козголду», — деп айтылат маалыматта.

Бир күн мурун, 28-августта укук коргоо кызматкерлери тарабынан 38 жаштагы А.Т. аттуу бала бакчанын кызматкери 15 миң сом алып жатканда кармалган. Ал андан ары ишти териштиргө үчүн тергөө кызматына жеткирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар