23:19
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстанда 762 бала бакчага директор керек: Сынак жарыяланды

Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак жарыялайт.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, 762 бош орун бар.

Сынактын биринчи этабына катышуу үчүн талапкерлердин арыздарын жана документтерин каттоо 29-августта саат 9.00дө башталып, 11-сентябрда саат 18.00дө аяктайт.

Арыздар билим берүү уюмунун аймактык тиешелүүлүгүнө ылайык электрондук форматта төмөнкү электрондук даректер боюнча кабыл алынат:

doo.talas@ncokoit.kg

doo.naryn@ncokoit.kg

doo.g.osh@ncokoit.kg

doo.chui@ncokoit.kg

doo.ja@ncokoit.kg

doo.batken@ncokoit.kg

doo.osh@ncokoit.kg

doo.ik@ncokoit.kg

doo.bishkek@ncokoit.kg

Абитуриенттердин документтеринин экспертизасын Билим берүүнүн жана маалыматтык технологиялардын сапатын баалоо боюнча улуттук борбор жүргүзөт

Эң көп окулган жаңылыктар