12:28
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Бомба бар деген маалымат боюнча Ош мэриясынын кызматкерлери эвакуацияланды

Ош шаардык мэриясынын кызматкерлери «бомба коркунучу бар» деген маалыматтан улам эвакуацияланды. Бул тууралуу T-Media телеканалынын түз эфиринде айтылды.

Түштүк борбордун муниципалитетинин басма сөз кызматынын жетекчиси Жумамидин Сулайманкуловдун айтымында, жардыруучу зат тууралуу маалымат мэрияга саат 13.00дөр чамасында келип түшкөн. Андан соң полиция чакыртылып, жумушчулар эвакуацияланган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында бомба табылган эмес.

Бүгүн, 22-августта дагы «Манас» аэропортуна бомба тууралуу дагы бир билдирүү келип түшкөн. Текшерүүдө жардыруучу зат табылган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар