11:12
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

№ 33 мектеп кайрадан эвакуацияланды. Бомба тууралуу билдирүү түшкөн

№ 33 мектеп кайрадан эвакуацияланды. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, болжол менен саат 09.50дө «102» кызматына №33 мектептин имаратына бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн.

«Окуя болгон жерге дароо Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу барып, аймакты курчоого алышты. Окуучулар жана мектеп кызматкерлери эвакуацияланды. Учурда жеринде ИИМдин кинологдору иштеп жатат», — деп билдиришти мекемеден.

Эскерте кетсек, бомба тууралуу билдирүүдөн улам мектеп кечээ да эвакуацияланган.

Эң көп окулган жаңылыктар