USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Бишкекте бомба тууралуу маалыматтан улам дагы эки мектеп эвакуацияланды

11:10, 18 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкекте бомба коюлганы тууралуу маалыматтан улам №33 жана 89 мектептин мугалимдери жана окуучулары эвакуацияланды. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине окурмандар билдиришти.

Буга чейин №67 мектеп дагы ушундай эле себеп менен эвакуацияланган.

Жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатат. Бардык окуучулар жана мугалимдер имараттардан чыгарылды.

Кыргыз-Орус Славян университетине дагы жардыргыч зат орнотулду деген маалымат түшкөнү кабарланууда.

Өткөн жумада, 15-декабрда, бир нече сот мекемелери, мейманканалар жана ресторандар эвакуацияланган. 13-декабрда милицияга бир катар имаратка, атап айтканда, № 18, 31, 42, 48, 69, 72, 80 мектептерине, «Остров знаний» бала бакчасына, № 3 төрөт үйүнө, № 2 ооруканасына, «ГУМ» жана Bishkek Park соода борборлоруна бомба коюлду делген маалыматтар түшкөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика