21-августка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд 354 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ААКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 683 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 340 куб метрди түзүүдө.
Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.