Ысык-Көл облусунда селдин кесепеттерин жоюуга 738 адам тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсыктан жалпысынан 497 үй, үч социалдык объект, бир бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт жана бир китепкана жабыркаган.
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 358 куткаруучу, 7 инженердик техника, 8 мотопомпа чыкты .
Ал эми облустук Жарандык коргонуу кызматтарынан 397 кызматкер жана 33 ХОВО, 16 жүктөгүч, 7 экскаватор, 3 ассенизатор тартылган.
Белгилей кетсек, 19-августта КР ӨКМдин куткаруучулары 25 турак үй, Жарандык коргонуу кызматтары 35 үй, жалпысынан 60 турак жай сел калдыктарынан толук тазаланган.