20:19
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Жогору температуранын айынан балыктар түндүккө көчүп жатышат

Акыркы 30 жылда океан сууларынын жылышынын натыйжасында түштүктөн келген балык түрлөрүнүн түндүккө көчүп келгени аныкталган.

Норвегияда чыккан The Barents Observer гезитинин кабарына караганда, Деңиз изилдөө институту жана Норвегия Арктика университетинин биргеликте жүргүзүлгөн изилдөөлөрүндө түндүк океан экосистемаларынын акыркы 30 жылдык маалыматтары жарыяланды.

Изилдөө океан сууларынын глобалдык жылуулук менен катар жылышы түштүк сууларында жашаган балык түрлөрүнүн түндүккө көчүп кетишине себеп болгонун көрсөттү.

Изилдөөдө балыктардын миграциясынын аймактагы түрлөр арасындагы карым-катнашты да өзгөрткөнү белгиленип, бул абалдын балык түрлөрү үчүн көйгөй жаратышы мүмкүн экенине көңүл бурулду.

Деңиз изилдөө институтунун изилдөөчүсү Ульф Линдстром: «Мурда Норвегиянын түндүгүндө кадимки тор менен кармалган болжол менен 6-7 түрдүү балык бар болчу. Бүгүнкү күндө 15 түрдүү балык кармоого болот» — деди.

Эң көп окулган жаңылыктар