12:00
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Токтогулда суунун көлөмү 12 млрд куб метрди түздү

Бүгүн, 5-августка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд 21 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 825 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 434 куб метрди түзүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар