Улуттук банктын жетекчиси Мелис Тургунбаев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында өлкөдө доллардын арзандашы себептерин түшүндүрдү.
«Кыргызстанда валюта курсу өзгөрүлмө мүнөзгө ээ. Валютанын алмашуу курсу бир катар факторлордун эсебинен калыптанат. Анын ичинде суроо-сунуштардын негизинде да түзүлөт. Ошондой эле валюта курсуна сезондук факторлор да таасирин тийгизет. Жайкысын Кыргызстанга туристтер көп келет, бул жүгүртүүдөгү доллардын көлөмүн көбөйтөт», — деди ал.
Улуттук банк үзгүлтүксүз интервенцияларды жүргүзүү аркылуу валюта рыногундагы кырдаалга көз салып турат.
«Жыл башынан бери биз 15 интервенция өткөрдүк, анын 12си тескери болду. Натыйжада чет элдик валютаны таза сатып алуу 308 миллион долларды түздү», — деди Улуттук банктын башчысы.
Бул чараларга карабастан, долларга сезондук жана рыноктук факторлор таасирин тийгизип, анын өзгөрүшүнө алып келүүдө. Улуттук банк туруктуулукту камсыз кылуу жана суроо-талап менен сунуштун өзгөрүшүнө жооп берүү үчүн рынокко күн сайын мониторинг жүргүзүүнү улантылып жаткандыгын кошумчалады.