17:38
USD 87.00
EUR 90.59
RUB 0.87

Кыргызстанда бир жумада 22 миңден ашуун жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2024-жылдын 8 июлдан 14-июлга чейин, алдын ала маалымат боюнча 22 миң 46 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирет.

Алардын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 282;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 216;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 63;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 852;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 миң 418;
  • авто ээнбаштык — 9;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу — 5 миң 388;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 3;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 611.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 608 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар