20:27
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыргызстандан көк бөрү боюнча кимдер ойнойт? Тизме

Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курама команадасынын мүчөлөрү Казакстандын Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюнадарына даярдык көрүү максатында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-июлда башталган окуу-машыгуу жыйыны августтун аягына чейин уланат.

Көк бөрү жана көк пар боюнча курама команданын тизмеси:

— Жолдошбек Орозбаев (коргоочу);

— Манас Ниязов (чабуулчу);

— Дастан Сагынбек уулу (коргоочу);

— Эрлан Төлөбеков (коргоочу);

— Дастан Русланов (чабуулчу, жекеме-жеке);

— Рустам Тыналиев (чабуулчу);

— Фархат Бейшекеев (коргоочу);

— Ильяс Исаков (коргоочу);

— Кубаныч Султан уулу (чабуулчу, жекеме-жеке);

— Кушчубай Илис уулу (жекеме-жеке);

— Искак Бекболот уулу (чабуулчу);

— Нооруз Раатбек уулу (жекеме-жеке);

— Өмүрбек Эсен уулу (чабуулчу, жекеме-жеке);

— Нуржан Мелисбек уулу (чабуулчу);

— Нурдин Болотбеков (чабуулчу, жекеме-жеке);

— Эмирлан Жеңишбеков (коргоочу);

— Майрамбек Рыспеков (чабуулчу);

— Баяман Муралим уулу (чабуулчу);

— Максат Кайдыбаев, Ринат Усупбаева — машыктыруучулар.

Белгилей кетсек, окуу машыгуу жыйыны Дене табия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын 2024-жылга алынган календардык планына ылайык өткөрүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар