USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Көк бөрү федерациясынын президенти болду

16:45, 19 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу уюмдун социалдык тармактагы баракчасында маалымдалды.

Чечим бүгүн федерациянын кезексиз жыйынында кабыл алынды.

2023-жылдын октябрь айынан бери президенттик кызматты аркалап келген Рамис Жунусалиев Курманкул Зулушев жаңы ипподромдун курулушун көзөмөлгө алса, өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө даяр экенин айткан. Эл аралык көк бөрү федерациясынын президенти Курманкул Зулушев макул болуп, анын талапкерлигин көпчүлүк делегаттар колдошту.

Рамис Жунусалиев биринчи вице-президент болду.

Курманкул Зулушев федерациянын вице-президенттеринин санын экиден бешке чейин көбөйттү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика