07:30
USD 86.20
EUR 91.64
RUB 0.89

Кыргызстанда алгачкы жолу боору алмаштырылган бейтаптар үйүнө чыкты

Кыргызстанда алгачкы жолу боору алмаштырылган бейтаптар үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-июлда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз-Түрк достугу ооруканасына барып, боору алмаштырылган эки бейтаптын абалы менен таанышты. Дарыгерлердин консилиумунан кийин эки бейтап тең үйүнө чыгарылды.

Бир ай бою дарыгерлер, анын ичинде хирург, трансплантолог, гастроэнтеролог, реаниматологдор алардын абалдарына дыкат көзөмөл жүргүзүп турушту. Бейтаптардын гемодинамикалык жана биохимиялык көрсөткүчтөр боюнча тесттери, ошондой эле УДИ жана компьютердик томографиялык изилдөөлөрү оң натыйжаларды көрсөттү. Учурда реципиенттердин боору ийгиликтүү иштеп жатат.

«Кыргызстанда биринчи жолу боорду алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалганы, өзгөчө бул операция биздин жарандар үчүн акысыз болгону менен сыймыктанабыз. Бул биздин медицинанын тарыхындагы орчундуу окуя президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана кыргыз-түрк адистеринин биргелешкен аракетинин аркасында мүмкүн болду. Ар бир жараныбыз керектүү жардамды жогорку деңгээлде ала алышы үчүн өлкөбүздө медициналык тейлөөнү жакшыртуу боюнча иштерди уланта бермекчибиз», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Ошондой эле министр Улуттук хирургия борборунда гепатология бөлүмү түзүлүп, бейтаптар ай сайын адистердин көзөмөлүндө болорун кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар