Таиланддын Аюттхая шаарында пил эгиз тууду. Пилдердин тукумунда сейрек учуроочу бул окуя Пил коругунда болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 36 жаштагы Джамжури атту пил эркек тууган.Биринчи тууттан 18 мүнөт өткөндөн кийин экинчи пилдин пайда болушу кароолчуларды таң калтырды. Пил өзү коркуп, кароолчулардын биринин бутун сындырып алган.
Жаңы төрөлгөн пилдин салмагы 80 жана 60 килограммга жетип, учурда көзөмөлгө алынган.
Корпорация азиялык пилдин эгиз туулушун «жаратылыш керемети» катары баалады. Elephantstay компаниясынын директору Мишель Риди пилдер эгиздерди сейрек туула турганын белгиледи.
Жапайы жаратылышта пил эгиздеринин туулуу мүмкүнчүлүгү бир гана пайызды түзөт.

