Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар башкы прокурорлук кызматка Максат Асаналиевдин талапкерлигин карап жатат. Учурда Асаналиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, кандай өзгөртүүлөрдү жасай турганын белгиледи.
Кошумчалай кетсек, Максат Асаналиев 46 жашта, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айылында туулган.
Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасында тергөөчү болуп иштеген. Андан кийин ички иликтөө бөлүмүн жетектеген. Ал Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү болгон. Бишкектин Биринчи Май районунун прокурору кызматын аркалаган.
2022-жылдын 20-майында ротация жолу менен Ош облусунун прокурору болуп дайындалган.
Ал 1-класстагы юридикалык кеңешчи.