16:13
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкекте жасалма интеллекти боюнча түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммити өтөт

Бишкекте түрк тилдүү өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышкан жасалма интеллекти боюнча саммит өтөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Быйыл 9-10-октябрда өтө турган иш-чара президент Садыр Жапаровдун Астанада өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин уюмунун саммитине катышуусунда бекитилген иш-аракеттердин планын жүзөгө ашыруу максатында өткөрүлөт.

Саммитте катышуучулардын жасалма интеллекттин актуалдуу маселелерин талкуулоо, мыкты тажрыйбалар менен бөлүшүү, инновацияларды стимулдаштыруу жана бул жаатта прогресске көмөктөшүүсү боюнча кызматташуу стратегияларын иштеп чыгуу үчүн ачык аянтча түзүлөт.

Мындан тышкары, атайын уюштурулган көргөзмөдө өнөктөштөрдүн долбоорлорун жана санариптик компаниялардын акыркы иштеп чыгууларын көрсөтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар