06:52
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Ысык-Көлдө мамонттун сөөгү табылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң дарыясынын байыркы жайылмасынын кумдуу жерлеринде карьердик иштер учурунда мамонттун сөөгү табылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, карьердин ээси Р.Карыпбаев сөөк табылганын дароо маалымдаган. 3-июнда Маданият министрлигинин өтүнүчү менен археологдор А.Абдыканова жана А.Эмил уулу эки студент — Н. Султанов жана Б. Садылдаев менен жерине жөнөп кеткен.

Текшерүү учурунда карьердин 3-5 метр тереңдиктеги кум-шагыл кендеринен бири-биринен 140-150 метр аралыкта эки башка жерден мамонттун тишинин жана астыңкы жаактарынын сыныктары табылганы белгилүү болду. Азуу табылган жерди тазалоодо көмүлгөн сөөктүн бир бөлүгү табылды.

Ачыкка чыккан сөөктөр баштапкы абалында көпкө калбайт жана күндүн нурунун таасиринен тез талкаланат. Ошондуктан археологдор жогорудан ылдый карай тешик жасап, табылганы тазалап, ал мамонттун баш сөөгүнүн сакталып калган төмөнкү бөлүгү болуп чыкты.

Сөөктөр начар абалда болгондуктан, археологдор баш сөөктүн бир бөлүгүн гана алып чыга алышты. Мурда табылган тиштин жана жаактын сыныктары тазаланып, алгач жеринде сакталды. Бардык табылгалар таңгакталып, ташууга даяр. Консервациялангандан кийин бардык табылгалар музейге өткөрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар