Ташкенттен Ысык-Көлгө автобустар каттай баштады. Бул тууралуу Өзбекстандын ЖМКлары жазып чыгышты.
Автобустар Чолпон-Ата шаарына чейин жуманын жуп күндөрү каттайт. Автобус Ташкент автовокзалынан саат 15:00дө чыгат. Билеттин баасы 300 миң сумду түзөт.
Каттамдар Uzautotrans Service ишканасы тарабынан тейленет.