14:51
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Черчесов Казакстан курама командасынын жаңы машыктыруучусу болду

Орусия курама командасынын мурдагы машыктыруучусу Станислав Черчесов бүгүн, 3-июнда Казакстандын футбол боюнча курама командасын жаңы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Казакстандын Футбол федерациясынын (КФФ) расмий сайтында кабарланды.

Маалыматка ылайык, орусиялык адистин келишиминин шарттары айтыла элек.

Буга чейин КФФ президенти Адлет Барменкулов Черчесов Казакстан курама командасынын машыктыруучу кызматына негизги талапкери экенин билдирген.

Черчесов 2016-2021-жылдары Орусиянын курама командасын жетектеген. Анын жетекчилиги астында команда 2018-жылы өз үйүндө өткөн Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чейин жеткен, бирок Евро-2020да Бельгия, Дания жана Финляндия командалары менен тайпада акыркы орунду ээлеген. Адистин акыркы иштеген жери венгриялык Ференцварош болгон. Черчесов ошондой эле Москванын «Спартак», «Динамо», Сочинин «Жемчужина», Грозныйдын «Терек» (азыркы «Ахмат), Пермдин «Амкар», Австриянын «Куфштейн», «Ваккер-Тироль» жана Польшанын «Легия» командаларын жетектеген.

Эң көп окулган жаңылыктар