01:46
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Башкы прокурордун ордуна талапкерлер каралууда

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз каалоосу менен отставкага кеткенин КР президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тастыктады.

Ал арызды эми Жогорку Кеңеш карап чыгарын белгиледи.

Алагөзов учурда президент Садыр Жапаров прокуратура системасындагы кызматкерлердин ичинен башкы прокурорлукка талапкерди карап жаткандыгын айтты.

Эскерте кетсек, Курманкул Зулушев башкы прокурор кызматын 2020-жылдын октябрынан бери аркалап келет.

Эң көп окулган жаңылыктар