Боксчу Дмитрий Бивол (23-0, 12 КО) Эр-Рияд шаарында ливиялык Малик Зинад (22-1, 16 КО) менен беттешип, жеңишке жетти.
Ал атаандашы ливиялык Малик Зинадды 6-раундда техникалык нокаут менен утуп, Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBA ) жана Эл аралык бокс уюмунун (IBO) жеңил салмактагы титулдарын коргоду.
34 жаштагы Бивол үчүн бул карьерасындагы 23-жеңиши, ал эми 30 жаштагы Зинад карьерасындагы биринчи жолу жеңилди.
Мушкер Дмитрий Бивол 1-июнга карата даярдыгын Ысык-Көлдөн баштаган.