22:18
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Сүйүнбек Касмамбетов: «Баланы ата-энесинен коргоп калдык»!

Көптөгөн дүйнө өлкөлөрү менен кошо Кыргызстан дагы " 1-июнь Эл аралык балдардын коргоо күнүн" салтанаттуу түрдө белгиледи.

«Балдар жылмайса аалам жылмаят» демекчи балдарыбыздын бактылуу балалыктары жөнүндө адаттагыдай тонналап калоо-тилектер айтылды. Бирок, КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун кыргыз баласынын, салтынын байыркы да, азыркы да жүзүн даана айткан дил баяны эч кимди кайдыгер калтырбаса керек. Мамлекеттин катчы бул тууралуу нускалуу пикирин Фейзбук баракчасына жазды. Эмесе толугу менен сунуштайбыз:

... балдар ...

Азыр балаң ИЧИП берсе дагы кубанасың , анан ЧЫЧЫП берсе дагы кубанасың . Атасы жумушуна жетеин деп калганда Апасы телефон чалат сүйүнчүлөп — ЧЫЧТЫ ! , дейт ,Атасы , кыйналып өзү чычкандай кубанып , жумушуна кирет ,тобоо ...

Балдардын сийип чычканы , — деле КАБАР катарына кирчү эмес эле , илгеркидей айлап тунгактабай , алты күнгө жетпей богу ката баштайт , сүттүн уузу өзгөрдү , тамак өзгөрдү , заман башка...

Бүгүн, балдарды коргоонун эл аралык күнү !

... учурдун , ушундай ҮРӨЙ учурган күнүнө дагы туш келдик . Майрам дешке тил да күрмөлбөйт . Баланы башка бирөө келип урмак беле ? Баланын баркына да жетпеген , жараткандын жаалы дагы өтпөгөн , балакетин алгыр ! Ата энесинен КОРГОП калбадыкбы .

Кыргызда, дегеле балану жазалачу эмес ! , БОЗ ҮЙДҮН КАЙСЫ БУРЧУНА тургузчу эле ?!

— эмгектеген бала , колуна тийгендин баарын оозуна салат , ойноп калганда баарын бүлдүрүп , буюмдун ичинде эмне бар экенин көргүсү келет.

Балдар, тентек кылсын ,ойносун , сындырсын , бүлдүрсүн ...

... Эс киргиче...

Балага алтын тактыны тилегиче , башынан ашкан бактыны тилейли , уламада айткандай КАЙБЕРЕН менен КАРЫШКЫРДЫН СҮТҮН ЭМГЕН , Толгоо торогондо эки колдоп КАМЧЫНЫН сабын мыкчып жарыка келген , ЖЕЛКЕСИНЕН КУЙМУЛЧАКА ЧЕЙИН КУЛУН ЖАЛДУУ БАЛДАРДЫ төрөгөн, касиеттүү ЭНЕЛЕРИ бар... КААРЫ дагы, МЭЭРИ дагы катар жүргөн КАЛКАМАНДУУ калкпыз !

Балдар бактыбыз !

Эң көп окулган жаңылыктар