15:58
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкекте оңдоо үчүн кайсы көчөлөр жабылды? Тизме

Бишкекте бир катар көчөлөр оңдоо иштерине жабылды. «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Л.Толстой көчөсүн капиталдык оңдоо иштерин 10-июнуна чейин баштоону пландап жатат.

Бишкек мэриясы алдыда дагы бир нече жол ремонттон өтөөрүн кабарлады.

Алар:

Эки күндөн бери Байтик Баатыр көчөсү Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин жабык. Сүйөркулов ачык. Белгилей кетсек, Байтик Баатыр көчөсү А.Токомбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин, ал эми И. Ахунбаев көчөсү Манас проспектисинен тартып Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин бир нече этап менен капиталдык оңдоодон өтөт.

31- майдан тарта Ахунбаев көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнөн Малдыбаевге чейин жабылат. Токтоналиев көчөсү унаа кыймылы үчүн ачык болот.

2-июндан тарта Байтик Баатыр көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин жабылат. Ахунбаев көчөсү унаа кыймылы үчүн ачык болот.

Байтик Баатыр көчөсүнүн Токомбаев жана Ахунбаев көчөсү менен чектелген бөлүгүндө, Ахунбаев көчөсүндө Ч.Айтматов көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгында жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат.

10-июндан тарта Лев Толстой көчөсүндөгү Т.Фрунзе көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолот. Жол жарым-жартылай жабылып турат.

Эң көп окулган жаңылыктар