04:53
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Бишкектеги «Аккула» ат майданы кайрадан аукционго коюлду

Бишкектеги «Аккула» ат майданынын мүлктөрү кайрадан аукционго коюлду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ат майданын мүлктөрү 33 бөлүккө бөлүнгөн. Муниципалитет анын аймагында мектеп, бала бакча, жолдорду жана жашыл аймактарды куруу үчүн жер тилкелерин калтырып койгон.

 Бишкек мэриясы
Фото Бишкек мэриясы. "Аккуланын" мүлктөрү 33 бөлүккө бөлүнгөн

Мэрия биринчи аукцион 16-майда өтүшү керек болгондугун бирок арыздардын аздыгынан болбой калганын белгиледи.

«Ошондой эле 16-майда биз долбоорлонгон Жукеев -Пудовкин көчөсүнөн көп кабаттуу турак жайларды долбоорлоо жана куруу үчүн 0,93 га жер тилкесин ижарага берүү боюнча электрондук аукцион өткөрдүк. Аукционго алты катышуучу катышты. Жеңүүчүгө 32 миллион сом өлчөмүндөгү ижара акысы менен жылына 5 миллион сом баштапкы ижара акысы менен жер тилкеси берилди», — деп билдирди мэрия.

Эске салсак, бул ипподорм 1947-жылы салынган. Ал жакта ат оюндары уюштурулуп келген. 2017-жылы «Аккула» ат майданы Бишкектин менчигине өтүп, 2020-жылы авариялык абалда деп табылган. Учурда Бишкектин четине жаңы ипподром салынууда.

Эң көп окулган жаңылыктар