Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 24.kg агенттигине аны шаардык кайсы автобус каттамдарынан жолуктурууга мүмкүн экендигин айтты.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө борбор калаа бийлиги жарандарды коомдук транспортту көбүрөөк колдонууга чакырат. Ал адатта өтүп бара жаткан унаалардын айнектерин карасаңыз, көбүнчө алардын ичинде бир же эки адам болот . Ал эми машинанын толгонун чанда көрөсүң. Анан дагы тыгындар боюнча даттануулар болуп жатат«, — деди мэр.
Журналисттин «Айбек Жунушалиев өзү коомдук транспорт колдонобу?» — деген суроосуна, ал жөө жүрөм деп жооп берди. Бирок шейшемби, бейшемби күндөрү резиденцияга баруу керек болсо № 56 жана 55-автобустар менен барам.
«Мен үчүн ар бир сапар жарандарды жеке кабыл алуу менен да коштолот. Ким билип калса, келип, суроолорду берет», — деп кошумчалады.
Эске салсак, буга чейин Айбек Жунушалиев кол алдындагыларга шейшемби жана бейшемби күндөрү жеке унаа менен жүрүүгө тыюу салган. Алар жумушка жана үйгө жетүү үчүн коомдук транспортту колдонушу керек.

