23:26
USD 87.45
EUR 100.09
RUB 1.10

«Манас» аэропортунда эл кайрадан эвакуацияланууда

Бишкектеги «Манас» аэропорту кайрадан эвакуацияланууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аэропорттун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, саат 13:10до бомба коюлганы жана анын саат 15.00дө жарылаары тууралуу электрондук кат келген.

Терминалдын коопсуздук жана тартип сакчылары текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, 16-майда «Манас» аэропортунда бомба бар деген маалыматтан улам эвакуацияланып, текшерүү иштери жүрүп эч нерсе табылган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар