22:32
USD 87.00
EUR 90.59
RUB 0.87

Президент Садыр Жапаров Талас шаарындагы аэропортту ачты

Президент Садыр Жапаров Талас шаарындагы аэропорттун салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаровдун айтымында, өлкөнүн региондорундагы аэропорттордун иши узак жылдар бою үзгүлтүккө учураган бойдон турган. Өкмөт «Манас» эл аралык аэропорту менен биргелешип, токтоп турган учак майдандарынын ишин жандандыруу боюнча чечкиндүү чараларды көрдү. Таластагы аэропорт бул иштин алгачкы маанилүү натыйжасы.

1979-жылы учактарды жана тик учактарды эксплуатациялоо үчүн курулган «Талас» аэропорту Советтер Союзу таркагандан бери ишин токтоткон. Учуп-конуу тилкесине толугу менен оңдоп-түзөө иштери талап кылынгандыгына жана аэродромдун жасалма төшөлмөлөрүнүн эскилиги жеткендигине байланыштуу жабылган. Бир жылдын ичинде аэродром эл аралык ченемдерге ылайык калыбына келтирилди.

 Саатына 100 кишини өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар жаңы аэровокзал жана модернизацияланган учуу-конуу тилкеси — жаңыланган аэропорт комплексинин негизги элементтери болуп калды.

Президент Кыргызстандын аэропортторун жандандыруу долбоору Талас менен гана чектелбегенин айтты. Учурда «Каракол», «Тамчы» эл аралык аэропортторунун аэробекет комплекстерин куруу боюнча иштер жүрүп жатат.

«Нарын» облустук аэропортунун аэробекетин куруу боюнча иштер толугу менен бүткөрүлүп, бүгүнкү күндө учуп-конуу тилкесине оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Ушу тапта «Казарман», «Кербен», «Баткен» аэропортторунун учуп-конуу тилкесин ондоп-түзөө боюнча иштер аягына чыгып калды. Ал эми «Баткен» эл аралык аэропорту жер-жерлерден келген учактарды кабыл алууда. «Манас» эл аралык аэропорту алгачкы жолу ички авиаташуулардын муктаждыктарын жабуу үчүн Q-400 учактарын сатып алды.

Эң көп окулган жаңылыктар