16:52
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Садыр Жапаров Ибрахим Раисинин өлүмүнө байланыштуу Иранга көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Иран аятолла Сейед Али Хоссейни Хаменеиге Ирандын президенти Ибрахим Раисинин жана аны коштоп жүргөн адамдардын тик учактын кыйрашынан улам каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Улуу даражалуу сизге жана Иран Ислам Республикасынын боордош элине, маркумдун үй-бүлөсү менен жакындарына кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Маркум президент Эбрахим Раиси Иран Ислам Республикасынын дүйнөлүк аренадагы аброюнун жогорулашына, анын өсүп-өнүгүшүнө жана элинин бакубат жашоосуна эбегейсиз зор салымын кошуп кетти. Эбрахим Раисинин даанышмандыгы, камкордугу жана кайрымдуулугу, анын жалпы Иран элине жасап кеткен бардык асыл эмгеги ар дайым эсибизде түбөлүккө сакталат. Биз боордош Иран элинин ушул оор күндөрдөгү аза кайгысын тең бөлүшүүгө ар дайым даярбыз», — деп айтылат телеграммада.

Эске салсак, 19-майда Иранда өлкө президенти Ибрахим Раисинин кортежиндеги үч тик учактын бири кырсыкка кабылган. Анын бортунда президент, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору жана тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан болгон. Бүгүн, 20-майда Ирандын Mehr агенттиги Ирандын президенти Ибрахим Раиси жана дагы жети адам тик учактын кыйрашынан каза тапканын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар