Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң суусуна түшүп кеткен эки кызды издөө улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, издөө иштерине жалпысынан 218 адам чыкты. Алардын арасында ӨКМдин куткаруучулары, суучулдары жана жергиликтүү тургундар бар. Ошондой эле үч моторлуу кайык, бир скутер жана сегиз кайык тартылды.
Буга чейин Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң суусуна алты жана жети жаштагы эки кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.