Президенттин администрациясында Кыргызстанга сапар менен келген «Эркин Европа/Азаттык радиосунун» жаңы вице-президенти Никола Карим менен өлкө башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун жолугушуусу болду. Бул тууралуу Аскат Алагөзов Facebook баракчасында билдирди.
«Баарлашуунун жүрүшүндө өлкөбүздөгү жалпыга маалымдоо каражаттарына тиешелүү актуалдуу маселелер тууралуу сөз болду. Тактап айтканда, президент Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарынын коомдун турмушундагы маанилүүлүгүн ар дайым белгилеп келерин айттым. Мындан тышкары өлкөнүн мыйзамдарын сактоонун маанилүүлүгү талкууланды. Окуяларды тең салмактуу чагылдыруу, анын ичинде коомчулук үчүн позитивдүү жаңылыктардын үлүшүн жогорулатуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду», — деп жазган Аскат Алагөзов.
Жолугушууга «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Борбор Азия кызматтарынын башчысы Хамид Исмаилов, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын Бишкек бюросунун башчысы Бакытбек Асанов катышты.